• 84.2
  • 93.84
  • 0.91

Жети-Өгүздө футболдук турнир өттү

Спорт 0

Бишкек, 25.06.24. /Кабар/. Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунда футболдук турнир өтүп, ага Жети-Өгүз, Тоң, Ак-Суу райондорунун жана Каракол шаарынын командалары катышты.

Парламенттен билдиришкендей, спорттук иш-чаранын максаты-сергек жашоо образын калыптандыруу, жаштарды спортко тартуу.

Мелдештин жеңүүчүлөрүнө акчалай сыйлыктар жана кубок салтанаттуу түрдө тапшырылды.

Белгилей кетсек, Жогорку Кеңештин депутаты Арсланбек Малиев жыл сайын спорттун футбол, волейбол түрлөрү боюнча мелдештерди өткөрүп келет.

Пикир

Оставить комментарий