Бишкек, 16.12.24. /Кабар/. Ысык-Көл облусундагы Жети-Өгүз районунун Саруу айылында жашаган дыйкан Азамат Маджиков 22 гектар жерге гилас багын өстүрүүдө.
Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришкендей, гилас багында “Кокон”, “Валовая-3”, “Регина” сыяктуу алчанын сорттору тигилген.
Дыйкан алчаны сатуудан орточо эсеп менен 2 млн 175 миң сом киреше табууда. Түшүмдүн көбү Россия, Казакстанга экспорттолот.
Пикир
Оставить комментарий