Бишкек, 29.07.24. /Кабар/. Жети-Өгүз районунун Саруу айылында 500 орундуу Ж.Чабылдаев атындагы мектептин курулушуна капсула салынды.
Мамкурулуш агенттигинен билдиришкендей, ведомство жетекчиси Нурдан Орунтаев Ысык-Көл облусуна болгон иш сапарынын алкагында капсула салуу иш-чарасына катышты.
Мектептин курулушу республикалык бюджеттен каржыланат. Тендердик баасы 232 млн сомдон ашык бааланган.
Курулуш-монтаждоо иштери “Дастан Строй компани” ЖЧКсы тарабынан аткарылат.
Пикир
Оставить комментарий