• 85.2
  • 93.15
  • 0.86

Жети-Өгүздүн Жаргылчак айылында эскирген электр зымдары жаңыланууда

Аймак 0

Бишкек, 11.10.24. /Кабар/. Ысык-Көл электр тармактар ишканасы кардарларга сапаттуу электр жарыгын берүү максатында Жети-Өгүз районунун Жаргылчак айылында 0,4/10 кВ электр зымдарын реконструкциялоо иштерин жүргүзүүдө.

Энергетика министрлигинен билдиришкендей, реконструкциянын алкагында 5,1 чакырым 10/0,4 кВ чакырым эскирген алюминий зымдары жаңыланып, кубаттуулугу 160 кВА трансформатор орнотулду.

Ошону менен бирге 104 авариялык абалдагы эски жыгач мамылар жаңы темир бетон мамыларга алмашылды.

Мындан тышкары, курулуш-монтаждоо участогунун кызматкерлери тарабынан Ысык-Көл облусу боюнча 22 чакырым 10/0,4 кВ эскирген электр зымдары жаңыланды. Анын ичинен 7 чакырымы СИП зымдарына жаңыланды.

Жаңылоонун алкагында 331 эскирген жыгач мамылар жаңы темир бетон мамыларга алмашылып, кубаттулуктары 250 кВА болгон 3 трансформатор орнотулду.

Пландаштырылган электр энергиясын өчүрүүлөр тууралуу маалымат Ысык-Көл электр тармактарынын официалдуу сайтына https://ipes.nesk.kg/ru/ жайгаштырылат жана “Мой свет” тиркемесине билдирүүлөр келет.

Пикир

Оставить комментарий