• 84.36
  • 93.89
  • 0.92

Жети-Өгүздө Сүттүү-Булак – Боз-Бешик жолунун 5,8 чакырым аралыгы асфальтталды

Аймак 0

Бишкек, 09.09.2024 /Кабар/. Жети-Өгүз районундагы Сүттүү-Булак – Боз-Бешик унаа жолу асфальтталды. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, жумуштар “Кыргызавтожол-Түндүк” мамлекеттик ишканасынын №35 жол тейлөө мекемесинин кызматкерлери тарабынан жүргүзүлдү.

Жалпы 30 чакырымды түзгөн Сүттүү-Булак-Боз-Бешик унаа жолунун быйыл 5,8 чакырым аралыгын асфальттоо каралган. Апрель айынан тарта жер иштери жүрүп, жолдун негизи даярдалган соң асфальт төшөө жумуштары аткарылды.

Белгилей кетсек, жол куруу иштери бардык нормаларга жооп берет.

Пикир

Оставить комментарий