• 88.2
  • 95.91
  • 0.97

Жети-Өгүздө турак үйдөн өрт чыкты

Кырсык 0

Бишкек, 14.01.23. /Кабар/. Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы Ырдык айылында жайгашкан турак үйдөн өрт чыккан.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, өрттү өчүрүүгө 1 күжүрмөн эсеп тартылган. Тилсиз жоо саат 10:08де чектөөгө алынып, саат 11:05де толук өчүрүлдү.

Өрттүн кесепетинен турак үйдүн болжол менен 150 чарчы метр аянты күйгөн. Жабыркагандар жок.

Пикир

Оставить комментарий