Жетигенов Кыргызстан элинин ассамблеясынын Оштогу бөлүмүнүн ишмердүүлүгү менен таанышты

Аймак 0

Бишкек, 26.01.23. /Кабар/. Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов Кыргызстан элинин ассамблеясынын Оштогу бөлүмүнүн 13 улуттук маданий борборлорунун жетекчилери менен жолугушту. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жыйындын жүрүшүндө Оштогу бөлүмдүн жетекчиси Балтагул Нурумбетов филиалдын ишмердүүлүгү жана борборлорунун иштери, ошондой эле жыл сайын өткөрүлүүчү иш-чаралар тууралуу айтып берди.

Этномаданий борборлордун өкүлдөрү филиалдын имаратын оңдоп-түзөө, кичи долбоорлорго колдоо көрсөтүү, ошондой эле этномаданий борборлордун улуттук майрамдарын өткөрүүгө көмөк көрсөтүү өтүнүчтөрү менен кайрылышты.

Бакытбек Жетигенов Кыргызстан элинин ассамблеясынын Оштогу бөлүмүнүн өкүлдөрүнүн этностор арасындагы достукту, тынчтыкты жана өз ара түшүнүшүүнү чыңдоого кошкон салымын белгилеп, Ош шаарынын мэриясы тарабынан маселелерди чечүүдө колдоо көрсөтүлөөрүн баса белгиледи.

Ошондой эле мэрия менен бөлүмдүн эки тараптуу кызматташуусун өнүктүрүү боюнча пикир алмашуу жүрүп, сунуштар айтылды.

Пикир

Оставить комментарий