• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

Жетинчи класстын окуучусунун кош бойлуу болуу фактысы боюнча кылмыш иши козголду - ИИББ

Коом 0

Бишкек, 10.10.17. /Айжамал Дуйшоева - Кабар/. Лебединовка айылындагы №2 мектептин жетинчи класстын окуучусунун кош бойлуу болуу фактысы боюнча кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Чүй облустук ИИББ басма сөз кызматы билдирди.

Алардын маалыматы боюнча “Жыныстык мүнөздөгү зордуктоо аракеттери” беренеси боюнча кылмыш иши козголду. Тергөө амалдары жүрүүдө.

Эскерте кетсек, Лебединовка айылындагы №2 мектептин жетинчи класстын окуучусунун боюнда бар. Ага 28 жума болгон.

Аламүдүн райондук билим берүү бөлүмүнөн билдиришкендей, ата-энеси окуучунун документтерин мектептен алып кетишкен, эми кыз үйдөн окуйт.

Учурда териштирүү иштери жүрүүдө. Райондук билим берүү бөлүмү мектепте көчмө жыйын өткөрүштү. Тарбия иштериндеги мүчүлүштүктөр үчүн социалдык окутуучуга сөгүш жарыяланып, ал эми мектептин директору өз ыктыяры менен кызматынан кетти.

Бул окуучулар арасында кош бойлуу болуунун алгачкы учурларынан эмес. Августта эле 7-класстын окуучусу 18 жаштагы баладан төрөгөн. Ушундан соң алар дароо үйлөнүшкөн.

Пикир

Оставить комментарий