• 87.6
  • 93.91
  • 0.99

Жетишпей калгандар үчүн дагы бир мүмкүнчүлүк. Бишкек жана Ошто ЖРТ өтөт

Билим 0

Бишкек, 13.06.24. /Кабар/. 2024-жылы Жалпы республикалык тестирлөөгө жүйөөлүү себептер менен катыша албай калган бүтүрүүчүлөр үчүн дагы бир мүмкүнчүлүк түзүлөт.

Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришкендей, 21-23-июнь күндөрү Бишкек жана Ош шаарларында Жалпы республикалык тестирлөө өтөт.

ЖРТга каттоо же кайра каттоо 11-июндан 19-июнга чейин жүргүзүлөт.

Каттоо даректери:

- Бишкек шаарында – №24 мектеп-гимназиясы, К.Тыныстанов көчөсү, 110;
- Ош шаарында – Ош шаардык билим берүү башкармалыгы, Ленин көчөсү, 308.

Билим берүү министрлиги быйылкы жылы ЖРТдан четтетилген абитуриенттер кайра каттала албайт же каттоодон өтө албай турганын эскертет.

Белгилей кетсек, ЖРТнын III этабы:

- Бишкек шаарында – К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетинде;
- Ош шаарында – Ош мамлекеттик университетинде өткөрүлөт.

Толук маалыматты шилтеме аркылуу кирип алуу болот.

Пикир

Оставить комментарий