Жеткиликтүү баада диализдик кызматтардан пайдалануу ишке ашырылууда

Президент 0

БИШКЕК, 09.08.17. /Кабар/. Өлкөнүн саламаттык сактоо министри Талантбек Батыралиев бүгүн, 9-августта президент Алмазбек Атамбаевдин кабыл алуусунда болуп, саламаттык сактоо системасында жүргүзүлүп жаткан реформалар жана калкка көрсөтүлүп жаткан медициналык кызматтардын сапатын жогорулатуу боюнча көрүлүп жаткан чаралар туурасында маалымат берди. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Талантбек Батыралиев ошондой эле Президентке пациенттердин кабыл алаарлык баада жогорку сапаттуу диализдик кызматтардан пайдалануу мүмкүнчүлүгүн ишке ашырып, бюджеттик каражаттардын көпчүлүгүн кардиохирургия, ортопедия жана онкология кызматтарына багыттоого шарт түзгөн мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоорун ишке ашыруунун жүрүшү тууралуу маалымат берди. Долбоорду ишке ашыруу өлкөдөгү оорулуулардын көбүн камтууга мүмкүнчүлүк берип, заманбап медициналык жабдуулардын жетишсиздик проблемасын чечүүгө мүмкүнчүлүк берет.

Президент Алмазбек Атамбаев саламаттык сактоо тармагындагы жүргүзүлүп жаткан реформалар калкка кыйла жеткиликтүү жана сапаттуу медициналык кызмат көрсөтүүгө бардык шарттарды түзүп, ошону менен бирге өлкөнүн жарандарынын кызыкчылыгы үчүн саламаттык сактоо системасынын материалдык-техникалык базасын өнүктүрүүгө жакшы таасир тийгизүүгө тийиш экендигин баса белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий