• 87
  • 90.41
  • 0.84

Жибек Жолу проспектисинде жолду капиталдык оңдоо иштери аяктады

Коом 0


Бишкек, 25.10.24. /Кабар/. Бишкектин Жибек Жолу проспектисинде жолду капиталдык оңдоо иштери аяктады.

Муниципалитеттен билдиришкендей, Жибек Жолу проспектиси Тоголок Молдо көчөсүнөн тартып, Осмонкул көчөсүнө чейин капиталдык оңдоодон өттү.

Оңдоо иштеринин алкагында жолдун асфальт катмары жаңыланды, айрым тилкелер кеңейтилди жана жер астындагы суу түтүктөрү бордюрлар алмаштырылды.

Учурда көрктөндүрүү, жол боюндагы электр мамыларын, чубалгыларды иретке келтирүү, жөө адамдар басуучу тилкени оңдоо жумуштары жүрүүдө.

Ошондой эле аялдамаларды оңдоо жумуштары да жүргүзүлөт.

Пикир

Оставить комментарий