• 84.36
  • 93.89
  • 0.92

Жиддада АФКнын аткаруу комитетинин жыйыны өттү. Ага Кыргызстандын атынан КФС вице-президенти катышты

Спорт 0

Бишкек, 22.12.23. /Кабар/. ФИФАнын футбол боюнча дүйнө чемпиондугунун финалынын алдында Азия футбол конфедерациясынын (АФК) аткаруу комитетинин жыйыны орун алды.

Отурум 21-декабрда Сауд Аравиясынын Жидда шаарында өттү.

Кыргыз футбол союзунан (КФС) кабарлашкандай, жыйынга КФС вице-президенти жана Борбордук Азия футбол ассоциациясынын комитеттеги өкүлү катары Дастанбек Конокбаев катышты.

АФКнын жетектөөчү органынын жыйынына Азия футбол конфедерациясынын президенти Шейх Салман бин Ибрагим Аль Халифа, Эл аралык футбол федерациясынын президенти Жанни Инфантино жана аткаруу комитетинин башка мүчөлөрү да катышты.

Шейх Салман акыркы жылдары АФКнын эң жогорку стандарттарга жооп берүү жана башкаруу түзүмдөрүн модернизациялоо боюнча прогрессивдүү кадамдарын жана жигердүү аракеттер жүрүп жаткандыгын белгиледи. Отурумдун алкагында комитет мүчөлөрү АФКны реформалоо боюнча атайын топту түзүү чечимин бекитишти, анын курамы жакын арада жарыяланаары айтылды.

"2016-жылы АФКнын башкаруусун реформалоо боюнча атайын тобу ишке киргенде, АФК өзүнүн башкаруу стандарттары көтөргөн. АФКны реформалоо боюнча жаңы жумушчу топтун түзүлүшү менен биз башкаруунун жаңв тажрыйбаларын киргизүүдө лидерлик позициябызды сактап калууга жана өнүгүүнүн жаңы дооруна кирүү үчүн пайдубал түзүүгө үмүттөнүп жатабыз. Биз Азия футболу дүйнөлүк футболдун ири ареналарында үстөмдүк кыла турган келечекке умтулабыз", - деп белгиледи АФК президенти.

Пикир

Оставить комментарий