ЖК ААРды ишке ашырууга багытталган мыйзам долбоорлорун II жана III окууда кабыл алды

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 20.06.24. /Кабар/. Бүгүн, 20-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында “Кыргыз Республикасынын айыл аймактарынын жана шаарларынын деңгээлиндеги административдик-аймактык бирдиктери жөнүндө”, “Кыргыз Республикасынын администрациялык-аймактык түзүлүшү тууралуу” КР мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” жана "Административдик-аймактык реформанын алкагында КР айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзам долбоорлору экинчи окууда каралды.

Мыйзам долбоору Кыргызстандын президенти тарабынан демилгеленген.

Жыйынга Акылбек Жапаров баштаган министрлер кабинетинин мүчөлөрү катышты.

Каралып жаткан маселелер тууралуу Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетинин төрайымы Чолпон Султанбекова маалымат берди.

Алсак, мыйзам долбоорлору президенттин "Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн 2026-жылга чейин Улуттук программасы жөнүндө" 2021-жылдын 22-октябрындагы №435 жарлыгы менен бекитилген Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн 2021-жылга чейин Улуттук программасында аныкталган милдеттерди ишке ашыруу максатында иштелип чыккан.

Жыйынтыгында аталган мыйзам долбоору экинчи жана үчүнчү окууда кабыл алынды.

Пикир

Оставить комментарий