Бишкек, 21.10.20. /Кабар/. Жогорку Кеңеш президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаровдун Өткүрбек Жамшитовду башкы прокурор кызматтан бошотуу сунушун жактырды.
Эскерте кетсек буга чейин Жамшитовду кызматтан бошотуу сунушун Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитети жактырып, ал маселе Жогорку Кеңештин кароосуна жөнөтүлгөн.
Белгилей кетсек башкы прокурор кызматына депутат Курманкул Зулушевдин талапкерлиги көрсөтүлүүдө.
Пикир
Оставить комментарий