Бишкек, 07.05.212. /Кабар/. Жогорку Кеңештин депутаттары кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышуунун жүрүшүндө жабыркаган Баткен облусунун жашоочуларына өздөрүнүн айлыгынан акча каражатын которот.
Парламенттин сайтында маалымдалгандай, депутаттар 6-майдагы жыйында 28-30-апрель аралыгында Баткен облусундагы куралдуу жаңжалдын кесепетинен жабыркагандарга 25 миң сомдон финансылык жардам көрсөтүү чечимин кабыл алышкан.
Жогорку Кеңештин тиешелүү токтому кабыл алынды.
Пикир
Оставить комментарий