• 84.2
  • 93.8
  • 0.91

ЖК депутаттары жол кырсыктарына себеп болгон мопед, мотоциклдерди иретке келтирүү талабын айтты

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 26.09.24. /Кабар/. Бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынында депутаттар Бишкекте жол кырсыгына себеп болгон мопед, мотоциклдерди иретке келтирүү талабын айтты.

Парламенттин басма сөз кызматынан билдиришкендей, депутат Алишер Козуев Бишкектеги мото транспорт каражаттары менен байланыштуу кырсыктар арбын орун алып жатканына токтолду. Анын айтымында, бүгүнкү күндө алар орчундуу маселеге айланды, кыймылын тартипке салуу керек.

"Мүмкүн тийиштүү мамлекеттик органдар мыйзам долбоорлорун иштеп чыгышы керек. "Коопсуз шаар"боюнча мыйзам бузуулар катталабы? Эгерде мототранспорт каражаттарынын айдоочуларына айып пулдун өлчөмү жогоруласа, анда алар азыраак эреже бузмак", - деди ал.

Ушул эле маселеге кайрылган депутат Советбек Рустамбек уулу күн алыс электр самокаттарынын коркунучу маселеси көтөрүлүп жатканын билдирди. Бирок депутат, кайрылуулар боюнча тиешелүү органдар тарабынан жыйынтык жок. "Кечээ Чыгыш-5 кичи районунда самокат менен жаш баланы сүзүп, окуя болгон жерден качып кеткен. Катуу чара көрүүгө убакыт келди. Көп адамдар жабыркап жатат", - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий