ЖК комитети ААРды ишке ашырууга багытталган мыйзам долбоорлорун II окууда жактырды

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 18.06.24. /Кабар/. Бүгүн, 18-июнда Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетинин отурумунда “КР айыл аймактарынын жана шаарларынын деңгээлиндеги административдик-аймактык бирдиктери жөнүндө”, “КР администрациялык-аймактык түзүлүшү тууралуу” КР мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” жана «Административдик-аймактык реформанын алкагында КР айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзам долбоорлору экинчи окууда каралып, колдоого ээ болду.

Жыйынга министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Адылбек Касымалиев катышты.

Мыйзам долбоорлору тууралуу Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетинин төрайымы Чолпон Султанбекова маалымат берди.

Мыйзам долбоорлору президенттин «Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн 2026-жылга чейин Улуттук программасы жөнүндө» 2021-жылдын 22-октябрындагы №435 жарлыгы менен бекитилген Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн 2021-жылга чейин Улуттук программасында аныкталган милдеттерди ишке ашыруунун алкагында иштелип чыккан, анын 4.3-бөлүмүндө администрациялык-аймактык түзүлүштү жана башкарууну реформалоону ыкчам жүргүзүү, региондорду өнүктүрүүдөгү диспропорцияларды, башкаруу деңгээлдеринин ортосундагы ажырымдарды жоюу жана акырында региондорду экономикалык өнүктүрүүгө багыттоо жөнүндө аныкталган.

Талкуунун жүрүшүндө депутат Дастан Бекешев административдик-аймактык түзүлүштү реформалоодо укук мурастоо маселесин көтөрдү. Депутат Гуля Кожокулова айыл өкмөттөрдүн жана жергиликтүү кеңештердин иши тууралуу суроолорду берди.

Пикир

Оставить комментарий