• 84.2
  • 93.84
  • 0.91

ЖК комитети балдарды мобилдик түзүлүштөрдүн таасиринен коргоо боюнча мыйзам долбоорун карады

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 24.06.24. /Кабар/. Бүгүн, 24-июнда Жогорку Кеңештин Социалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында «Жалпы билим берүүчү уюмда мобилдүү түзүлүштү пайдаланууну жөнгө салуу жөнүндө» мыйзам долбоору биринчи окууда каралып, колдоо тапты.

Демилгечилер – Жогорку Кеңештин депутаттары Н.Азыгалиев, М.Маматалиев, Э.Сатыбалдиев, У.Ормонов, Ж.Акаев, В.Раимбачаева, Ч.Султанбекова, М.Сыдыков, А.Маткеримов, Э.Токтошев, Исатбек кызы А., Г.Култаева.

Жыйында баяндама жасаган демилгечилердин бири, депутат Нурланбек Азыгалиев белгилегендей, мыйзам долбоору мобилдүү түзүлүштɵрдүн академиялык ишке жɵндɵмдүүлүктүн тɵмɵндɵшү жана кибербуллинг чɵйрɵсүндɵгү тобокелдиктер сыяктуу кесепеттеринен балдарды жана ɵспүрүмдɵрдү коргоо, ошонун ɵзү менен билим алууга жарандардын конституциялык укуктарын камсыз кылуу максатында иштелип чыкты жана демилгеленүүдɵ.

Алсак, мыйзам долбоорунун милдеттери болуп тɵмɵнкүлɵр саналат:

  • окуу процессинде мобилдүү түзүлүштɵрдү пайдаланууну жөнгө салуу жана коопсуз, этикалуу билим берүү чɵйрɵсүн түзүү;
  • санариптик сабатуулук жана мобилдүү түзүлүштɵр менен маалыматтык-технологияларды аң-сезимдүүлүк менен пайдалануу жɵндɵмдɵрүнɵ окутуу;
  • жаңы кɵйгɵйлɵрдү жана технологияларды эске алуу менен коомду натыйжалуу ɵнүктүрүүгɵ жаш муунду даярдоо.

Пикир

Оставить комментарий