ЖК комитети башкы прокурордук кызматка Асаналиевди дайындоого макулдук берүү маселесин карады

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 05.06.24. /Кабар/. Бүгүн, 5-июнда Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетинин кезексиз жыйынында Кыргызстандын башкы прокурорунун кызмат ордуна Максат Асаналиевди дайындоого макулдук берүү жөнүндө маселе каралды.

Президенттин жана министрлер кабинетинин Жогорку Кеңештеги туруктуу өкүлү Алмасбек Абытов башкы прокурордун кызмат ордуна Максат Асаналиевди дайындоого макулдук берүү жөнүндө президенттин сунуштамасын тааныштырды.

Талкуунун жыйынтыгында комитет президенттин сунуштамасын Жогорку Кеңештин кароосуна жөнөттү.

Пикир

Оставить комментарий