ЖК комитети электрондук тамеки колдонууга тыюу салуу боюнча мыйзам долбоорун I окууда жактырды

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 10.06.24. /Кабар/. Жогорку Кеңештин комитети электрондук тамеки колдонууга тыюу салуу боюнча мыйзам долбоорун I окууда жактырды.

Парламенттен билдиришкендей, бүгүн, 10-июнда Жогорку Кеңештин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында КР айрым мыйзам актыларына («Кыргыз Республикасынын жарандарынын ден соолугун тамекини, никотинди керектөөнүн кесепеттеринен жана айланадагы тамеки түтүнүнүн жана аэрозолдун таасиринен коргоо жөнүндө» КР мыйзамына, КР Укук бузуулар жөнүндө кодексине жана КР Кылмыш-жаза кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзам долбоору биринчи окууда каралды.

Демилгечилер – Жогорку Кеңештин депутаттары Шаирбек Ташиев жана Алишер Козуев.

Депутат Алишер Козуев мыйзам долбоорунун максаты жаш жарандардын ден соолугун электрондук тамеки колдонуудан коргоо, организмдин өнүгүүсүнүн басаңдашын жана терс адаттарга көнүп кетүүсүн алдын алуу экенин белгиледи. Алсак, электрондук сигареттерди пайдаланууга тыюу салуу жөнүндө мыйзамдын талаптарын бузуу жеке жактарга - эсептик көрсөткүчтүн 400 өлчөмүндө, юридикалык жактарга-эсептик көрсөткүчтүн 600 өлчөмүндө айып салууга алып келет. Электрондук сигареттерди сатууга тыюу салуу жөнүндө бузуу жеке жактарга 500 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө, юридикалык жактарга 650 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып салууга алып келет. Электрондук сигареттерди ташып келүү-1500дөн 2000 эсептик көрсөткүчкө чейинки айыпка же бир жылдан эки жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

Талкуунун жүрүшүндө депутат Дастан Бекешев сунушталып жаткан жазалардын өлчөмү, аткезчиликке каршы күрөш тууралуу суроолорду көтөрдү. Депутат Алишер Козуев электрондук тамеки организмдин бардык системаларына терс таасирин тийгизип, ар кандай патологиялардын өнүгүшүнө өбөлгө түзөт деп жооп берди. "Өсүп келе жаткан муун тамеки тартуу үчүн ар кандай аппараттарды сатып алууда. Буга байланыштуу биздин башкы милдетибиз - балдарыбызды тамекинин зыяндуу таасиринен коргоо",- деп кошумчалады Алишер Козуев.

Депутаттар Айсаракан Абдибаева, Эрулан Кокулов сунушталып жаткан мыйзам долбоорунун нормаларын колдошту. Депутат Элвира Сурабалдиева электрондук тамекилерди республикага алып кирүүгө тыюу салуу керектигин белгилеп, электрондук сигареттерди колдонгондугу үчүн сунушталып жаткан айып жеке жактарга 40 миң сом - кымбат экенин кошумчалады.

Пикир

Оставить комментарий