• 85.8
  • 92.87
  • 0.89

ЖК комитети камсыздандыруу жөнүндө жаңы мыйзам долбоорун I окууда жактырды

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 22.10.24. /Кабар/. Бүгүн Жогорку Кеңештин Социалдык саясат боюнча комитети “Камсыздандыру жана камсыздандыруу иши жөнүндө” мыйзамдын жаңы долбоорун биринчи окууда карап, жактырды. Бул мыйзамды иштеп чыгуунун максаты камсыздандыруу чөйрөсүндөгү мыйзамдарды жаңыртуу жана шайкештирүү болуп саналат.

Мыйзамдын жаңы редакциясына жаңы түшүнүктөр киргизилди, ал эми камсыздандыруу чөйрөсүнүн өзү бөлүк-бөлүккө бөлүнүп каралды. Ошондой эле бул окууда Жарандык кодекске, Салыктык эмес кирешелер жөнүндө кодекске жана Лицензиялык-уруксат берүү системасы жөнүндө мыйзамга киргизилген өзгөртүүлөр да каралып, жактырылды.

Сунуш кылынган өзгөртүүлөргө ылайык:

  • Камсыздандыруу уюмдарын кайра түзүүнүн жана жоюунун тартиби регламенттелет;
  • “Такафул” сыяктуу исламдык камсыздандыруу, убактылуу жана аннуитеттик камсыздандыруу өңдүү камсыздандыруунун жаңы түрлөрү киригизилет;
  • Актуарийлерди жана камсыздандыруучу брокерлерди каттоодо жана кайра каттоодо жыйымдар белгиленет.

Пикир

Оставить комментарий