Бишкек, 17.12.24. /Кабар/. Күн мурун Жогорку Кеңештин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетинин жыйынында "Кыргызстандагы биологиялык коопсуздук жөнүндө" мыйзам долбоору үчүнчү окууда каралды.
Мыйзам долбоору Жогорку Кеңештин депутаттары Динара Ашимова жана Камила Талиева тарабынан демилгеленген.
Аталган мыйзам долбоорун депутат Динара Ашимова тааныштырды. Ал белгилегендей, мыйзам долбоору Кыргызстандын биологиялык коопсуздукту камсыз кылуу боюнча эл аралык милдеттенмелерин ишке ашыруу максатында иштелип чыккан жана Кыргызстанда биологиялык коопсуздукту камсыз кылуу жаатындагы укуктук ченемдерди белгилейт, ошондой эле калкты коргоонун тийиштүү деңгээлине мамлекеттик кепилдиктерди белгилейт жана айлана-чөйрөнү биологиялык агенттердин жана биотехнологиялык продуктуларды колдонуунун мүмкүн болуучу терс таасирлеринен коргойт.
Ошондой эле мыйзам долбоорунда адамдардын ден соолугуна жана айлана-чөйрөгө потенциалдуу коркунучтун даражасына жараша патогендик биологиялык агенттердин коркунучтуу топтору жана биологиялык коопсуздукту камсыз кылууда тыюу салуу чаралары белгиленет.
Пикир
Оставить комментарий