• 85.5
  • 93.28
  • 0.89

ЖК комитети Медер Машиевди жаратылыш министри кызматына дайындоо маселесин карады

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 02.09.24. /Кабар/. Бүгүн Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетинин отурумунда Медер Машиевдин талапкерлигин жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министринин кызмат ордуна дайындоого макулдашуу үчүн президент Садыр Жапаровдун сунушу жөнүндө маселе каралды.

Президенттин жана министрлер кабинетинин Жогорку Кеңештеги туруктуу өкүлү Алмасбек Абытов президенттин сунуштамасын тааныштырды. Абытов президент мурда сунушталган Азис Сапаралиевдин талапкерлигин чакыртып алганын билдирди.

Депутат Акбөкөн Таштанбеков жаңы министрдин ишине ийгиликтерди каалап, Ысык-Ата районунун Ивановка айылында министрликтин карамагында пайдаланылбай жаткан жатакананын имараты туралуу маселесин белгиледи. Депутаттар Балбак Түлөбаев жана Алишер Эрбаев тоо-кен жана токой чарба тармагындагы экологиялык маселелерди көтөрүп, ага көңүл бурууга чакырды.

Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетинин төрагасы Аманкан Кенжебаев тоо-кен тармагына лицензия берип, министрликтин кайра аны өзү көзөмөлдөгөнү туура эместигин айтып, Министрлер кабинетинин алдында өзүнчө текшерүүчү орган түзүү зарылдыгын белгиледи. Муну менен катар депутат тоо-кен тармагындагы лицензиялар мамлекеттин үлүшү жок жеке жактарга берилип жатканына токтолду.

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министринин милдетин аткаруучу Медер Машиев соңку эки жылдан бери жеке жактарга кенге лицензия берүүгө мараторий киргизилгенин белгилеп, мамлекетин үлүшү бар компанияларга гана аукцион аркылуу сатылып жатканын кошумчалады.

Талкуунун жыйынтыгында комитет президенттин сунуштамасын Жогорку Кеңештин кароосуна жөнөттү.

Пикир

Оставить комментарий