• 87
  • 90.63
  • 0.79

ЖК комитети салык салуу чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүү киргизүүнү I окууда жактырды

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 12.11.24. /Кабар/. Бүгүн Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетинин отурумунда “Кыргыз Республикасынын салык салуу чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзам долбоору биринчи окууда каралып, колдоого ээ болду.

Парламенттен билдиришкендей, министрлер кабинетинин төрагасы демилгелеген мыйзам долбоорун экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев тааныштырды.

Анын айтымында, мыйзам долбоорунун максаты жана милдети салык мыйзамдарын өркүндөтүү, салыктык башкаруу жол-жоболорун жөнөкөйлөтүү, ошондой эле ак ниет атаандаштык үчүн шарттарды түзүү жана экономиканын көмүскө курамын кыскартууга багытталган. Спиртти, алкоголдук жана спирт камтыган продукцияны мыйзамсыз өндүрүү жана жүгүртүү, сатуу максатында жасалма акциздик маркаларды жасоо же жасалма акциздик маркаларды пайдалануу менен салык төлөөдөн качкандарга каршы күрөштү күчөтүү үчүн тиешелүү ченемдик-укуктук актыларга оңдоолорду киргизүү сунушталууда.

Талкуунун жүрүшүндө депутат Гуля Кожокулова сунушталып жаткан санкцияларды катаалдатууга жол берилбестигин белгилеп, Кылмыш-жаза кодексине, Укук бузуулар жөнүндө кодекске киргизилген өзгөртүүлөргө көңүл бурду.

Депутат Дастанбек Жумабеков жарандарды өзүнүн жарандык позициясын көрсөтүүгө түрткү берүүчү механизмдерге, атап айтканда, башка адамдар төлөгөн айыптын суммасынын бир бөлүгүн жеке жактарга берүүгө, курулуш тармагы үчүн КНСти эсептөөгө токтолду. Анын айтымында, Экономика жана коммерция министрлиги аталган мыйзам долбооруна каршы чыгып, аны коргобошу керек.

Депутат Замирбек Мамасадыков айыл чарба өндүрүшчүлөрү үчүн жер салыгын жогорулатуунун себептерин тактады. Ошондой эле депутат Жанарбек Акаев сунушталган мыйзам долбооруна бир катар өзгөртүүлөрдү киргизүү керектигин баса белгилеп, КНСти эсептөө механизмдери тууралуу маселени көтөрдү.

Пикир

Оставить комментарий