ЖК комитети "Тынчтык жөнүндө" мыйзам долбоорун I окууда жактырды

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 11.06.24. /Кабар/. Жогорку Кеңештин Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин отурумунда "Тынчтык жөнүндө" жана "КР Укук бузуулар жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" мыйзам долбоорлору биринчи окууда каралып, колдоого ээ болду.

Демилгечилер Жогорку Кеңештин депутаттары Сеидбек Атамбаев жана Дастан Бекешев.

Депутат Дастан Бекешев белгилегендей, жай мезгилинде жарандар оюн-зоок жайларынан, көбүнчө көп кабаттуу үйлөрдүн биринчи кабатында же көп кабаттуу үйлөрдүн жанында жайгашкан кафе, бар жана ресторандардан чыккан ызы-чууларга көбүрөөк даттанышат. Мыйзамдарды либералдаштыруу жарандардын укуктарынын акыркы орунда калышына алып келгендиктен, милициянын, санитардык кызматтардын баруусу, ал тургай соттук талаш-тартыштар түнү менен уктабай жүргөн жарандардын пайдасына чечилбей келет.

Мыйзам долбоору тынчтыкты жана эс алуу убактысын камсыз кылуу боюнча төмөнкүдөй талаптарды белгилөөнү сунуштайт, анын ичинде: ызы-чуудан корголгон жайлардын жана аймактардын болушу; тынчтыктын жана бейпилдиктин бузулушуна алып келген аракеттерге жоопкерчилик; жарандардын тынчтыгын жана эс алуусун бузууга жол берилбей турган убакыт мерчемдери.

Талкууда депутат Рустамбек Советбек уулу мыйзам долбоору ишкерлерге тоскоолдук жаратпашы керектигин айтып, өзүнүн сунуштарын берди. Депутат Айсулуу Мамашова жарандардын саламаттыгын эске алуу менен мыйзам долбоорунун актуалдуулугун белгилеп, эс алуу жайларында ызы-чуунун нормаларын кароо зарылдыгына токтолду. Депутат Алишер Эрбаев мыйзам долбоорун колдоого алып, анын аткарылышына жана керектүү каражаттардын бөлүнүшүнө көңүл бурду. Депутат Бакыт Тентишов мыйзам долбоорун ишке ашырууда ызы-чуунунун нормаларын өлчөөчү техникалык каражаттардын толуктугуна жана иштөөсүнө кызыкты.

Пикир

Оставить комментарий