ЖК комитети Улуттук банктын 2023-жылдагы иши жөнүндө отчетун укту

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 10.06.24. /Кабар/. Жогорку Кеңештин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында Улуттук банктын 2023-жылдагы иши жөнүндө Улуттук банктын төрагасынын отчету угулду.

Муну менен катар комитет "КР Улуттук банкынын 2022-жылдагы иши жөнүндө КР Улуттук банкынын төрагасынын отчету тууралуу» Жогорку Кеңештин 2023-жылдын 29-июнундагы № 1381-VII токтомунун аткарылышы жөнүндө маалыматты да укту.

Улуттук банктын төрагасы Кубанычбек Боконтаев маалымат берди. Ал өз сөзүндө Улуттук банктын акча-кредит саясатынын негизги багыттары жөнүндө айтып берди.

Талкуунун жүрүшүндө депутат Надира Нарматова ислам принциптерин эске алуу менен насыялоонун шарттары менен механизмдеринин коммерциялык банктардан айырмасы тууралуу суроолорду тактады. Депутат Айсаракан Абдибаева Улуттук банктын эсептик чени төмөндөтүлгөндүктөн коммерциялык банктардагы насыялардын пайыздык чендерин төмөндөтүү зарылдыгына көңүл бурду. Депутат Дастан Бекешев Улуттук банк көз карандысыз орган болушу керектигин белгилеп, мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга коммерциялык банктардын мобилдик тиркемелерине кирүү жаатында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2023-жылдын 29-июнундагы токтомунун аткарылбагандыгына өзгөчө көңүл бурду.

Талкуунун жыйынтыгында комитет Жогорку Кеңештин депутаттарынын сунуштарын эске алуу менен Улуттук банктын 2023-жылдагы иши жөнүндө Улуттук банктын төрагасынын отчетун жактырды.

Пикир

Оставить комментарий