• 87
  • 90.63
  • 0.79

ЖК комитетинде 2025-жылга республикалык бюджет жөнүндө мыйзам долбоору каралды

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 30.10.24. /Кабар/. 29-октябрда Жогорку Кеңештин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин отурумунда «Кыргыз Республикасынын 2025-жылга республикалык бюджети жана 2026-2027-жылдарга пландык мезгили жөнүндө» мыйзам долбоору биринчи окууда каралды.

Мыйзам долбоору министрлер кабинетинин төрагасы тарабынан демилгеленген.

Жогорку Кеңешинин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин төрагасы Данияр Толонов аталган жыйында республикалык бюджеттин киреше бөлүгү карала турганын белгиледи.

Мыйзам долбоору боюнча экономика жана коммерция министринин орун басары Чоро Сейитов, финансы министринин орун басары Руслан Сүйүналиев маалымат беришти. Ал эми депутаттардын суроолоруна каржы министри Алмаз Бакетаев жооп берди. Алар 2025-2027-жылдарга республикалык бюджеттин негизги параметрлерине, жалпы мамлекеттик кирешелерден чегерүүлөрдүн ченемдерине, капиталдык салымдардын, дем берүүчү гранттардын, теңдөөчү жана бюджеттер аралык трансферттердин көлөмүнө көңүл бурушту.

Мамлекеттик инвестициялардын гранттарын эске алуу менен республикалык бюджеттин жалпы кирешеси 2025-жылы 428 млрд 780 млн сом суммасында же ИДПга карата 26,4% каралган. 2026-2027-жылдар аралыгында республикалык бюджеттин кирешеси тиешелүүлүгүнө жараша 465 млрд 500 млн сомду жана 513 млрд 640 млн сомду түзөт.

Талкуунун жүрүшүндө депутат Дастан Бекешев республикалык бюджеттин профицитин белгилеп, бир катар социалдык маселелерди чечүүгө каражат жоктугун кошумчалады. Ал ошондой эле салык салуу тармагындагы маселени көтөрдү. Депутат Таалайбек Сарыбашов салык кызматкерлери салык маселеси боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүшү керектигин белгилеп, региондорду өнүктүрүү маселесине токтолду. Депутат Шарапаткан Мажитова медициналык жабдуулардын эскилиги, дары-дармектердин жетишсиздиги, социалдык объектилердин аянычтуу абалы тууралуу суроолорду берип, республикалык бюджеттин каражаттарын натыйжалуу пайдалануу керектигин белгиледи. Депутат Эмил Токтошев салык жана бажы төлөмдөрүнүн ортосундагы айырмага, инфляциянын деңгээлине, түрткү берүүчү гранттарга токтолду. Депутат Камила Талиева республикалык бюджеттин негизги бөлүгү социалдык тармакка багытталганын, анын 39 млрд сому саламаттыкты сактоого бөлүнөрүн, бирок эч кандай майнап чыкпаганын белгиледи. "Республикалык бюджеттин каражаттарын пайдалануунун натыйжалуулугун көзөмөлгө алуу зарыл",- деди Камила Талиева.

Депутат Бекмурза Эргешов республикалык жана жергиликтүү бюджеттерди түзүү, анын ичинде киреше салыгын башкаруу маселелерине көңүл бурду. Депутат Бакытбек Марипов "Мегаком" компаниясынын ишмердүүлүгүнөн түшкөн дивиденддер, уюлдук компаниялардан чогулган салык, айыл өкмөттөрүн дотациядан чыгаруу маселелерин айтты. Ал эми депутат Эльвира Сурабалдиева чакан жана орто бизнести колдоо, климаттын өзгөрүшүнө каршы күрөшүү чараларын каржылоо, Бишкек шаарынын Биринчи май районунун социалдык көйгөйлөрүн чечүү маселелерин көтөрдү. Депутат Айбек Алтынбеков ички карыз алуулар боюнча суроолорду берсе, эл өкүлү Саидбек Зулпуев 2025-жылы климаттык иш-чараларды каржылоого көңүл бурду.

Пикир

Оставить комментарий