• 85.06
  • 93.51
  • 0.88

ЖК комитетинде күз-кыш мезгилине даярдык боюнча маалымат угулду

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 08.10.24. /Кабар/. Бүгүн Жогорку Кеңештин Отун-энергетикалык комплекс, жер казынасын пайдалануу жана өнөр жай саясаты боюнча комитетинин жыйынында экономика тармактарын жана калкты 2024/2025-жылдардын күз-кыш мезгилине даярдоо боюнча министрлер кабинетинин жүргүзүп жаткан иштери тууралуу маалымат угулду.

Жыйында баяндама жасаган энергетика министри Таалайбек Ибраев алгач суу-энергетикалык кырдаалга токтолду. Анын айтымында, 2024-жылдын 1-октябрына карата Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 13,033 миллиард куб метрди түзгөн, бул 2023-жылдын 1-октябрына салыштырмалуу 1,289 миллиард куб метрге көп.

"Токтогул суу сактагычынын суу-энергетикалык ресурсун сарамжалдуу пайдалануу максатында, 3,195 миллиард кВтсаат өлчөмүндө электр энергиясын импорттоо боюнча келишимдер түзүлүп, 2024-жылдын 1-октябрына карата иш жүзүндө 2,561 миллиард кВтсаат импорттолгон", - деген баяндамачы электр энергиясын иштеп чыгуу көлөмү 9993,6 миллион кВтсаатты түзгөнүн кошумчалады.

Талкуу маалында депутат Кундузбек Сулайманов Кыргызстанда электр энергиясынын тартыштыгы 3,5 миллиарддан 3,9 миллиард кВтсаатка чейин өскөнүн белгилеп, анын себептерине кызыкты. Таалайбек Ибраев түзүлгөн кырдаал жаңы ишканалардын ачылышына жана калктын санынын өсүшүнө байланыштуу экендигин маалымдады.

Ал эми депутат Алишер Козуев импорттоочу өлкөлөр өз милдеттенмелерин аткара албай калган учурларда электр энергиясын импорттоонун альтернативдүү жолдорун алдын ала караштырууну сунуштап, ошону менен бирге жаңы генерациялоочу кубаттуулуктарды ишке киргизүү керектигин белгилесе, эл өкүлү Марат Мураталиев республиканын экономикасын жана калкын электр, жылуулук энергиясы жана жаратылыш газы менен үзгүлтүксүз камсыз кылуу маселесин ортого салды.

Өз кезегинде комитет төрагасы Азизбек Турсунбаев күз-кыш мезгилинен чыгуу үчүн пландалган бардык капиталдык жана учурдагы оңдоо иштерин, анын ичинде Токтогул ГЭСнин №1-гидроагрегатын реконструкциялоо иштерин өз убагында сапаттуу аткарып, ишке киргизүүнү табыштады.

Жыйынтыгында Кыргызстандын экономика тармактарын жана калкын 2024-2025-жылдардын күз-кыш мезгилине даярдоо жөнүндө министрлер кабинетинин маалыматы эске алынды.

Коомчулук жана ЖМК менен иштөө бөлүмү

Пикир

Оставить комментарий