• 85.8
  • 92.83
  • 0.88

ЖК комитетинде Кыргызстан менен Казакстандын ортосундагы келишимдер каралды

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 28.10.24. /Кабар/. Бүгүн Жогорку Кеңештин комитетинде Кыргызстан менен Казакстандын ортосундагы келишимдер каралды

Парламенттен билдиришкендей, Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин жыйынында "2022-жылдын 14-октябрында Астана шаарында кол коюлган Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине катышуучу мамлекеттердин коррупцияга каршы аракеттенүүдөгү кызматташтыгы жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу» жана «2024-жылдын 19-апрелинде Астана шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Казакстан Республикасынын ортосундагы Бирлик мамилелерин тереңдетүү жана кеңейтүү жөнүндө келишимди ратификациялоо тууралуу» мыйзам долбоорлору үчүнчү окууда каралып, колдоого ээ болду.

Мыйзам долбоору министрлер кабинетинин төрагасы тарабынан демилгеленген.

Биринчи мыйзам долбоору КМШ алкагында мүчө мамлекеттердин коррупцияга каршы аракеттенүүдөгү кызматташуунун натыйжалуулугун жогорулатуу, бул багыттагы алакаларды өнүктүрүү максатында иштелип чыккан. Ал эми экинчи мыйзам долбоору Кыргыз Республикасы менен Казакстан Республиканын ортосундагы кызматташтыкты ар тараптуу өнүктүрүүгө кошумча түрткү берет.

Пикир

Оставить комментарий