ЖК комитетинде Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолу боюнча мыйзам долбоору каралды

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 18.06.24. /Кабар/. Бүгүн, 18-июнда Жогорку Кеңештин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин жыйынында "2024-жылдын 6-июнунда Пекин шаарында кол коюлган Кытай өкмөтүнүн, Кыргызстандын министрлер кабинетинин жана Өзбекстан өкмөтүнүн ортосундагы Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жол долбоорун биргелешип илгерилетүүдө кызматташуу жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу" мыйзам долбоору биринчи окууда каралды.

Министрлер кабинетинин төрагасы тарабынан демилгеленген мыйзам долбоору тууралуу транспорт жана коммуникациялар министри Тилек Текебаев маалымат берди. Анын айтымында, мыйзам долбоорун кабыл алуу Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолун куруу долбоорун практикалык ишке ашырууну баштоого мүмкүндүк берет. Бул долбоорду ишке ашыруу Кыргызстандын экономикасын өнүктүрүүдө жалпы оң социалдык-экономикалык натыйжага ээ болот жана калкка көрсөтүлүүчү транспорттук кызматтарды кеңейтүүгө, транспорттук инфраструктураны өнүктүрүүгө жана өркүндөтүүгө олуттуу көмөк көрсөтөт.

Долбоор тараптардын үч темир жол администрациялары («Кытай темир жолдору» мамлекеттик корпорациясына караштуу Чайна Рэйлвей Интернешнл, КР Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу «Кыргыз темир жолу» улуттук компания» мамлекеттик ишканасы, «Узбекистон темир йуллари» акционердик коому) менен биргелешкен долбоордук компанияны түзүү жолу аркылуу КЭӨ (курулуш – эксплуатациялоо – өткөрүп берүү) модели боюнча ишке ашырылаары болжолдонууда.

Талкуу маалында депутат Бактыбек Сыдыков тараптардын уставдык капиталдагы үлүшүнө кызыкты. Министр белгиленгендей, биргелешкен долбоордук компаниянын ишмердүүлүгүн камсыздоо максатында кытай тараптын ыйгарым укуктуу уюму 51%, ал эми кыргыз жана өзбек тараптын ыйгарым укуктуу уюмдары 24,5% алат.

Комитет мүчөлөрү мыйзам долбоорун колдоп, анын маанилүүлүгүн белгилешти.

Пикир

Оставить комментарий