ЖК Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолун куруу боюнча мыйзам долбоорун III окууда кабыл алды

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 19.06.24. /Кабар/. Бүгүн, 19-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында «2024-жылдын 6-июнунда Пекин шаарында кол коюлган Кытай Эл Республикасынын өкмөтүнүн, Кыргыз Республикасынын министрлер кабинетинин жана Өзбекстан Республикасынын өкмөтүнүн ортосундагы "Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан" темир жол долбоорун биргелешип илгерилетүүдө кызматташуу жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу" мыйзам долбоору каралды.

Министрлер кабинетинин төрагасы тарабынан демилгеленген мыйзам долбоору тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министринин орун басары Ырысбек Бариев маалымат берди. Анын айтымында, мыйзам долбоорун кабыл алуу Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолун куруу долбоорун практикалык ишке ашырууну баштоого мүмкүндүк берет. Бул долбоорду ишке ашыруу Кыргызстандын экономикасын өнүктүрүүдө жалпы оң социалдык-экономикалык натыйжага ээ болот жана калкка көрсөтүлүүчү транспорттук кызматтарды кеңейтүүгө, транспорттук инфраструктураны өнүктүрүүгө жана өркүндөтүүгө олуттуу көмөк көрсөтөт.

Долбоор тараптардын үч темир жол администрациялары ("Кытай темир жолдору" мамлекеттик корпорациясына караштуу Чайна Рэйлвей Интернешнл, КР Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу «Кыргыз темир жолу» улуттук компания» мамлекеттик ишканасы, «Узбекистон темир йуллари» акционердик коому) менен биргелешкен долбоордук компанияны түзүү жолу аркылуу КЭӨ (курулуш – эксплуатациялоо – өткөрүп берүү) модели боюнча ишке ашырылаары болжолдонууда.

Талкуу маалында депутат Гуля Кожокулова бул долбоорду ишке ашыруу мөөнөтүн тактап, аны тездетүүгө чакырды. Буга "Кыргыз темир жолу" улуттук компания" мамлекеттик ишканасынын башкы директору Азамат Сакиев долбоор 2024-жылдын октябрында башталарын маалымдады. Депутаттар Дастан Бекешев жана Надира Нарматова Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолун куруу Кыргызстандын экономикасын өнүктүрүү үчүн зор маанисин белгилешти. Эл өкүлү Чыңгыз Айдарбеков темир жолду Кыргызстандын балансына өткөрүү шарттарына токтолду.

Жыйынтыгында мыйзам долбоору үч окууда кабыл алынды.

Пикир

Оставить комментарий