• 84.67
  • 94.17
  • 0.93

Жогорку Кеңеш Марс Наспековду БШК мүчөсү кызматынан мөөнөтүнөн мурда бошотту

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 04.09.24. /Кабар/. Бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынында Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөсү Наспеков Марс Дамировичти ээлеген кызматынан мөөнөтүнөн мурда бошотуу маселеси каралды.

Президенттин жана министрлер кабинетинин Жогорку Кеңештеги туруктуу өкүлү Алмасбек Абытовдун айтымында, Марс Наспеков Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөлүгүнөн мөөнөтүнөн мурда бошотуу тууралуу арыз жазган.

Талкуунун жыйынтыгында Жогорку Кеңеш Марс Наспековду БШК мүчөсү кызматынан мөөнөтүнөн мурда бошотту.

Пикир

Оставить комментарий