• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

ЖК министрлер кабинетинин жазгы талаа иштерине даярдыгы тууралуу маалыматын угууда

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 16.02.22. /Кабар/. Бүгүн, 16-февралда Жогорку Кеңештин жыйынында депутаттар жазгы-талаа жана чарбалык жумуштарды өткөрүүгө карата даярдыктын жүрүшү жөнүндө КР министрлер кабинетинин маалыматын угууда.

Жыйынга министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров баштаган министрлер жана тиешелүү мекемелердин жетекчилери катышууда.

“Быйыл “Айыл Банк”, “РСК Банк” аркылуу 26 млрд сомду 6%дык чен менен айыл чарбасына насыя катары беребиз. Мындан тышкары, 1,5 млрд сомго үрөн алдырып, 1 млрд сомду ирригация тармагына бөлдүк”, – деди Акылбек Жапаров.

Ал эми айыл чарба министри Аскарбек Жаныбеков былтыр 130 миң гектар жерге күздүк буудай эгилгенин белгилеп: “2022-жылы болжолдуу көрсөткүчтөр боюнча жалпы айдоо аянты 1232,6 миң гектарды түзөт, же өткөн жылга салыштырмалуу пайдаланылбаган айдоолорду кыскартуунун эсебинен 6,4 миң гектарга көбөйөт", - деди.

Министр кошумчалагандай, муну менен катар 255,5 миң гектар буудай эгилсе, май өсүмдүктөрүнүн аянты 25 миң гектар, дандык жүгөрү аянты 110 миң гектар болоору болжолдонууда. Ошондой эле күрүчтүн айдоо аянты 12,5 миң гектарды түзүп, өткөн жылдан 526 гектарга көп себилсе, картөшкөнүн аянты 77 миң гектар же өткөн жылдан 2,1 миң гектарга көбөйөт. Кант кызылчасы болсо 14,5 миң гектарга себилип, 2021-жылдан 4,2 миң гектарга көп айдалат.

Андан тышкары, “Айыл Банк” аркылуу жылдык 4,5% менен 2 жылдык мөөнөткө насыя түрүндө чарбаларга жана дыйкандарга үрөндөр берилерин айткан министр: “Чет мамлекеттерден алынып жаткан жаздык буудай үрөнү 45,30 сомдон (элита), арпа 53,85 сомдом (элита), софлор 112 сомдом, күн карама 399 сомдом, соя 90 сомдон сатылат”, – деп кошумчалады.

Белгилүү болгондой жазгы талаа иштерин жүргүзүүгө республика боюнча жалпы 40,5 миң тонна күйүүчү майлоочу материалдар керектелсе, бүгүнкү күнгө карата 56%ы камсыздалган.

Жыйын суроо-жооп иретинде улантылууда.

Пикир

Оставить комментарий