ЖК репрессия курмандыктарын актоого байланышкан мыйзам долбоорун III окууда кабыл алды

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 27.06.24. /Кабар/. Бүгүн, 27-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына («Саясий жана диний ынанымы үчүн, социалдык, улуттук жана башка белгилери боюнча куугунтуктан жапа чегип акталган граждандардын укугу жана гарантиялары жөнүндө", "Кыргыз Республикасынын улуттук архив фонду жөнүндө" КР мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзам долбоору үчүнчү окууда каралып, кабыл алынды.

Мыйзам демилгечилери — Жогорку Кеңештин депутаттары Ж.Акаев, Н.Шакиев, Ч.Султанбекова, М.Самыйкожо, Ч.Айдарбеков, А.Маткеримов.

Мыйзам долбоорун Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетинин төрайымы Чолпон Султанбекова тааныштырды.

Мыйзам долбоору 1918-1953-жылдардагы саясий репрессиянын бардык курмандыктарын реабилитациялоого багытталган. Эң оболу атылган, соттолгон, айдалган же айдап жиберилген, мүлкүнөн жана турак жайынан ажыраган, укук жагынан башка зомбулуктарга дуушарланган жана саясий репрессиялардын курмандыгы болуп калган адамдардын жакшы ысымын калыбына келтирүүгө мүмкүндүк берет.

Пикир

Оставить комментарий