• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

ЖК сот жана прокурорлордун ишмердүүлүгүн текшерүү үчүн убактылуу депутаттык комиссия түздү

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 14.06.23./Кабар/. Бүгүн, 14-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында мыйзамсыз соттолгондор, жазаны өтөөдөн мөөнөтүнөн мурда шарттуу бошотулгандар боюнча соттордун жана прокурорлордун, ошондой эле, жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана башка тиешелүү органдардын ишмердүүлүгүн иликтеп чыгуу боюнча убактылуу депутаттык комиссия түзүлдү.

Парламенттин басма сөз кызматынан билдиришкендей, убактылуу депутаттык комиссия түзүүнү “Мекенчил” депутаттык тобу демилгелеген.

Комиссиянын курамына депутаттар Фархат Исмаилов, Жусупбек Коргонбай уулу, Султанбай Айжигитов, Арсланбек Малиев, Бакыт Тентишев, Марат Мураталиев, Эмиль Токтошев, Нилуфар Алимжанова кирди.

Пикир

Оставить комментарий