• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

ЖК төрагасы баштаган депутаттар Россиядагы мекендештер менен жолугушту

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 24.02.22. /Кабар/. Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов баштаган парламенттик делегация Россиядагы иш сапарынын алкагында Москва шаарында кыргыз диаспоралык уюмдарынын лидерлери жана активисттери менен жолугушту.

ЖКнын басма сөз кызматынан билдиришкендей, жолугушуунун катышуучулары Кыргызстанды өнүктүрүү маселелерин, андан тышкары эмгек мигранттары туш болгон көйгөйлөрдү талкуулашты.

Төрага Талант Мамытов диаспора өкүлдөрүнө Кыргызстандын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө кошкон зор салымы жана Россиядагы кыргызстандык эмгек мигранттарынын социалдык олуттуу маселелерин чечүүгө көрсөткөн көмөктөрү үчүн ыраазычылык билдирди. Ошондой эле Россиянын аймагында эмгектенген Кыргызстандын жарандарынын укуктарын коргоо багытында өлкө жетекчилиги тарабынан көрүлүп жаткан чаралар тууралуу кеңири маалымат берди. Муну менен катар Талант Мамытов чет жердеги жарандардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоону активдештирүү, ошондой эле мекендештерди өз мекенине кайтаруу өлкө жетекчилигинин артыкчылыктуу багыттары экенин кошумчалады.

Ал эми жолугушуунун катышуучулары миграциялык, социалдык-экономикалык, инвестициялык, маданий-гуманитардык маселелерге токтолушуп, саламаттыкты сактоо тармагына тиешелүү көйгөйлөрдү көтөрүштү.

Төрага жана депутаттар кыргызстандыктардын Россияда мыйзамдуу жүрүшүнө жана иштөөсүнө тоскоолдук жараткан системалуу көйгөйлөргө өзгөчө көңүл бурушту. Тактап айтканда, 2021-жылдын 29-декабрынан баштап медициналык текшерүүдөн өтүү зарылчылыгына, ошондой эле манжа изин мамлекеттик каттоо жана сүрөткө тартуу тартибине тиешелүү түзүлгөн кырдаалга тынчсызданып жатышканын билдиришти.

"Бул көйгөйлүү маселелер Россия тарап менен бардык деңгээлде талкууланууда. Медициналык текшерүүдөн өтүү, манжа изин каттоо жана сүрөткө тартуу маселеси менин Россияга болгон сапарыбыздын күн тартибинин өзөгүн түзүп, Федералдык Жыйындын Мамлекеттик Думасынын төрагасы Вячеслав Володин жана Федерация Кеңешинин Төрайымы Валентина Матвиенко менен болгон жолугушууларыбыздын негизги темасы болду", - деген Талант Мамытов, мындан ары да өлкө жетекчилиги эмгек мигранттарына тиешелүү көйгөйлүү маселелерди чечүү үчүн сүйлөшүү жараяндарын улантаарын айтты.

Ошондой эле төрага россиялык тарап менен болгон сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында миграция жаатындагы көйгөйлүү маселелерди биргелешип чечүү боюнча макулдашууларга жетишилгенин жана бул маселелерди карап чыгып, тиешелүү чечимдерди кабыл алуу боюнча эки өлкөнүн өкмөттөрүнө тапшырма берилерин белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий