• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

Бишкекте Климаттын өзгөрүшүнүн шартында туруктуу өнүктүрүү боюнча кеңештин жыйыны өттү

Коом 0

Бишкек, 22.05.23. /Кабар/. Бүгүн, 22-майда Бишкекте Климаттын өзгөрүшүнүн шартында туруктуу өнүктүрүү боюнча кеңештин жыйын өттү

Парламенттин басма сөз кызматынан билдиришкендей, Жогорку Кеңештин төрагасынын алдында түзүлгөн аталган кеңештин жыйынына төрага, депутаттар, министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров баштаган тиешелүү мекеме жетекчилери, эл аралык уюмдардын жана жарандык коомдун өкүлдөрү катышты

Иш-чарада экологиялык коопсуздукту камсыздоо маселелерине өзгөчө аяр мамиле кылуу керектигин айткан төрага Нурланбек Шакиев: “Акыркы жылдары жер шарында климат өзгөрүп, абанын орточо жылдык температурасынын жогорулоо тенденциясы кескин байкалууда. Натыйжада мөңгүлөрдүн эриши жана кар катмарынын азайышы, суу ресурстарынын кыскарышына алып келет деген чоң коркунуч бар. Андыктан, тиешелүү иш чараларды ыкчам жүргүзүп, экологияны жана жаратылыш ресурстарын сактоо багытында жигердүү иш алып баруубуз кажет”, – деди.

Муну менен катар Париж келишим аркылуу Кыргызстан парник газдарын чыгарууну 43,62% кыскартууга милдеттеме алганын эске салган Нурланбек Шакиев: “Аталган милдеттеменин алкагында ГЭСтерди куруу, энергиянын кайра жаралуучу булактарын өнүктүрүү боюнча ири долбоорлорду ишке ашыруубуз керек”, – деди. Бул жаатта эл аралык донорлор менен кызматташуу, мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн алкагында инновациялык жана заманбап технологияларды өндүрүшкө киргизүү маселелерине токтолду.

Мындан тышкары, жыйында экологияны коргоо, жашыл экономиканы жайылтуу, жаңы энергия булактарын иштеп чыгуу жаатындагы баяндамалар жасалды.

Пикир

Оставить комментарий