• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Кыргызстан менен Кореянын парламенттер аралык кызматташтыгын кеңейтүү маселеси талкууланды

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 13.12.22. /Кабар/. Бүгүн, 13-декабрда Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев Кореянын Кыргызстандагы элчиси Ли Вонджэни кабыл алды. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, жолугушууда саясий-экономикалык, маданий-гуманитардык алакаларды арттыруу, анын ичинен парламенттер аралык кызматташтыкты кеңейтүү маселелери талкууланды.

Төрага Нурланбек Шакиев эки өлкө ортосундагы дипломатиялык мамилелердин түзүлгөндүгүнө быйыл 30 жыл толгонун эске салып: “Бул жылдар аралыгында кыргыз-корей кызматташтыгы жигердүү өнүгүп, байланыштарыбыз жаңы деңгээлге көтөрүлдү. Азия чөлкөмүндөгү негизги өнөктөш өлкөлөрдүн бири катары биз Корея Республикасы менен мындан ары да тыгыз иш алып барууга кызыкдарбыз. Анткени кызматташтыкты өнүктүрүүгө керектүү мүмкүнчүлүктөр өтө арбын”, – деди.

Муну менен катар 2021-жылы Кореянын Улуттук жыйынынын төрагасы Пак Бён Соктун Кыргызстандагы иш сапары учурунда бир катар маанилүү демилгелер талкууланганын белгилеп, өзү да жакынкы аралыкта Кореяга расмий иш сапары менен барарын билдирди.

Ошондой эле Нурланбек Шакиев парламенттин ишин санариптештирүү жаатында көрсөтүлүп жаткан колдоолор үчүн ыраазычылык билдирип, Корея эл аралык кызматташуу агенттиги (KOICA) аркылуу ишке ашырылып жаткан долбоорлор тууралуу сөз кылды.

Жолугушууда мындан сырткары, түз аба каттамдарын ачуу, Кыргызстанга инвестиция тартуу жаатында сунуштар айтылды.

Өз кезегинде, Кореянын Кыргызстандагы элчиси Ли Вонджэ жылуу кабыл алгандыгы үчүн төрага Нурланбек Шакиевге ыраазычылык билдирип, Кыргызстан Корея үчүн Борбор Азиядагы маанилүү өнөктөш өлкөлөрдүн бири экенин белгиледи.

Элчи катары соода-экономикалык байланыштарды арттыруу жаатында да жигердүү иш алып барып жатканын айткан Ли Вонджэ эки мамлекет ортосунда түз аба каттамын ачуу аракети жакынкы аралыкта ишке ашарына үмүт артарын кошумчалады.

Пикир

Оставить комментарий