ЖК Төрагасы кызматынан кетти

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 25.10.17 /Салтанат Абдраева - Кабар/. ЖК Төрагасы Чыныбай Турсунбеков бүгүн жыйында кызматтан кете тургандыгын билдирди.

Турсунбеков мындай кадамга коомдогу туруктуулукту сактоо үчүн барып жаткандыгын айтты.

“Мени жети жылдан бери саясатта жүрөм. КСДП фракциясынын лидери болуп, ЖКнын Төрагасы болуп шайландым. Партияга келгенде анын конкреттүү идеялары бар болчу. Көпчүлүгүн иш жүзүнө ашырдык, бирок бардыгын эмес. Биздин кыргыз парламенти эл аралык аренада жогорку орунду ээлейт жана өз ишмердигин жигердүү жүргүзүшөт. Биз максат коюп, аны аткара алдык”,-деди ал.

Турсунбековдун айтымында, өлкө парламенттик башкарууга өтүүдө. Бул үчүн конституциялык реформаны аягына чейин чыгаруу керек.

“1,5 жыл ичинде ишенимди аткарууга аракет кылдым, эч кимди бөлгөн жокмун. Кимдир-бирөөгө менин позициям жагышы, бирөөлөргө жакпашы мүмкүн. Менин ишмердигимдин бардыгы мыйзамдуулук принциптерине негизделген”,-деди ал.

Депутаттар Ч.Турсунбековго жигердүү иши үчүн ыраазычылык билдиришти.

Пикир

Оставить комментарий