• 84.36
  • 93.89
  • 0.92

ЖК Төрагасы Нарын шаарындагы кышка карата даярдыктын абалы менен таанышты

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 12.10.17 /Кабар/. Кечээ, 11-октябрда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Чыныбай Турсунбеков Нарын шаарындагы иш сапарынын алкагында шаардык жылуулук борборунун көмүр кампасына барып, кышка карата көрүлүп жаткан даярдыктан кабар алды. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, аталган борбордо быйыл жаңы көмүр кампасы курулуп, тиешелүү көлөмдө кышка отун камдоо иштери жүргүзүлүүдө. Анткени мурда көмүр сактоо маселеси кыйынчылык жаратып, буга кошумча шаардыктардын саламаттыгына да коркунуч туудуруп келген. Андан соң Төрага Чыныбай Турсунбеков 104 батирге ылайыкташтырылып быйыл курулган жаңы откананын абалы менен таанышып, аймактагы жергиликтүү тургундар менен да жолугушту. Кышта көйгөй жаралбаш үчүн даярдык иштерин убагында бүткөрүү керектигин айткан Жогорку Кеңеш Төрагасы: “Нарындын кышы узак жана катаал болору баарыбызга белгилүү. Андыктан, шаар калкы кышкы суукта кыйналбаш үчүн керектүү өлчөмдөгү көмүрдү камсыздап, оңдоп-түзөө иштерине өзгөчө көңүл буруу зарыл”,– деди.

Мындан тышкары, Чыныбай Турсунбеков Нарын шаардык саркынды сууларды тазалоочу жайга барып, эскилиги жеткен курулманын абалы менен таанышты. Белгилүү болгондой, аталган ыплас сууларды тазалоочу жай 1966-жылы аскерлердин күчү менен курула баштаган, бирок курулушта кемчиликтер арбын экендигине карабай пайдаланууга берилген. Натыйжада жылдан-жылга эскирген курулмадан бүгүнкү күнү ыплас суулар механикалык тазалоодон өткөрүлүп, тазалоонун эффективдүүлүгү болгону 20-25%ды гана түзүп келет. Андыктан, Өкмөттун токтомунун негизинде аталган жайды жаңылоо тапшырмасы берилген. Курулманын жаңы долбоору иштелип чыгып, жалпысынан 330 млн. сом сарпталары эсептелген. Учурда долбоор Европа өнүктүрүү жана реконструкциялоо банкына сунушталып, эксперттери тарабынан иш алынып барылууда. Бул тууралуу кабардар болгон Чыныбай Турсунбеков долбоорду тез арада ишке ашырууга чакырып, шаар калкынын жашоо-шартын жакшыртуу аркылуу саламаттыгын да камсыздоого болорун кошумчалады.

Белгилей кетсек, Төрага Чыныбай Турсунбековдун эки күндүк Нарын облусундагы иш сапарын Жогорку Кеңештин депутаттары жана тиешелүү өкмөт өкүлдөрү коштоп жүрөт. Иш сапардын алкагында Кочкор, Нарын райондорундагы жана Нарын шаарындагы бир катар социалдык мекемелердин жана инфраструктуралык жайлардын абалы менен таанышты.

Пикир

Оставить комментарий