• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

ЖК тармактык комитетинде өкмөткө ишеним көрсөтпөө маселеси каралууда

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 19.04.18 /Кабар/. Жогорку Кеӊештин кезектеги жыйынынын күн тартиби бекитилип жатканда, депутат Жыргалбек Турускулов «Республика – Ата Журт», «Өнүгүү – Прогресс», «Ата Мекен» парламенттик фракцияларынын 17-апрелде өткөн биргелешкен жыйынында Өкмөттүн 2017-жылдагы иши жөнүндө Премьер-министрдин отчету канааттандырарлык эмес деп табылганын эске салып, парламент жыйынынын күн тартибине КР Өкмөтүнө ишеним көрсөтпөө жөнүндөгү маселени киргизүү сунушун берди. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.

Жогорку Кеӊештин Төрагасы Дастанбек Жумабеков мыйзам талаптарына ылайык КР Өкмөтүнө ишеним көрсөтпөө маселеси адегенде Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана ЖК Регламенти боюнча комитетте каралышы керектигин белгиледи. Ошондон улам, депутаттар танапис алып, тармактык комитеттин кезексиз жыйынында КР Өкмөтүнө ишеним көрсөтпөө жөнүндөгү маселе каралууда.

Пикир

Оставить комментарий