• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

ЖКга шайлоо. Ленин районунун акими шайлоо участкаларынын даярдыгын текшерди

Шайлоо 2023 0

Бишкек, 25.05.23. /Кабар/. Бишкек шаарынын Ленин районунун акими Мураталы Тагаев №26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттыгына шайлоо боюнча шайлоо участкаларынын даярдыгын текшерди.

Муниципалитеттен билдиришкендей, район башчысы райондогу шайлоо участкаларынын материалдык-техникалык жактан камсыз болушун, коомдук тартипти жана автоматташтырылган башкаруу тутумунун коопсуздугун, мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарды пандустар менен камсыз кылууну текшерди.

Шаардык жана райондук кызматтарга УШКларды материалдык-техникалык жактан камсыз кылуу процессин тездетүү, участкалык шайлоо комиссиялары үчүн пандустар менен камсыз кылуу боюнча тиешелүү иштерди жүргүзүү, ошондой эле кызматкерлер арасында шайлоого кийлигишпөө боюнча түшүндүрүү иштерин такай жүргүзүү тапшырылды.

Белгилей кетсек, №26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоо 2023-жылдын 28-майында өтөт.

Пикир

Оставить комментарий