• 85.8
  • 92.83
  • 0.88

Кыргыз-казак чек арасында мыйзамсыз күйүүчү май ташыгандар аныкталды

Коом 0


Бишкек, 18.10.24. /Кабар/. "Ак-Жол” көзөмөл-өткөрмө жайынан кошумча бак орнотуп, мыйзамсыз күйүүчү май ташыган 6 жол тандабас жана 1 автобус кармалды. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын Техникалык көзөмөлдөө бөлүмү тарабынан 16-20-октябрга чейин өлкө аймагында “Кошумча жабдык” аталышындагы өтүп жаткан рейддик иш-чаранын алкагында Казакстан менен Кыргызстан өлкөлөрүнүн ортосундагы "Ак-Жол” көзөмөл-өткөрмө жайынан өтүп жаткан унаалар текшерилип, мыйзамсыз кошумча бак орнотуп, кошуна өлкөдөн күйүүчү май ташыган 6 Toyota Land Cruiser үлгүсундөгү унаалар жана 1 автобус кармалды.

Азыркы учурда унаалар айып короо жайына киргизилип, тийиштүү материалдар Тергөө кызматына өткөрүлүп берилүүдө.

Рейддик иш-чара мындан ары да улантылат.

Пикир

Оставить комментарий