• 84.2
  • 93.84
  • 0.91

ЖКККББ Бишкек шаарында жана Чүй облусунда масштабдуу рейд өткөрөт

Коом 0

Бишкек, 28.09.24./Кабар/. Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын Атайын ротасы бүгүн түнү чоң масштабда рейд өткөрөт.

Ведомстводон маалымдашкандай, масштабдуу рейд Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун аймагында жол кырсыктарынын алдын алуу жана болтурбоо максатында өткөрүлөт.

"Рейд учурунда бардык унаалар текшерилип, айрыкча ылдамдыкты ашырып айдагандарга, мас абалында унаа башкаргандарга жана шаар тургундарынын тынчын алып, автоээнбаштык кылгандарга катуу чаралар көрүлөт", - деп айтылат маалыматта.

Белгиленгендей, рейдге массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү да чакыртылат.

Пикир

Оставить комментарий