• 87.45
  • 91.15
  • 0.88

ЖКККББ чет өлкөлүк номерлүү унааларды сатып алууда сак болууга чакырат

Коом 0

Бишкек, 14.11.24. /Кабар/. Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы жарандарды чет өлкөлүк номерлүү унааларды сатып алууда сак болууга чакырат.

Ведомствонун маалыматына караганда, акыркы учурларда Армения, Абхазия, Россия өңдүү чет өлкөдөн Кыргызстандын аймагына унаалардын тетиктери бөлүк-бөлүк болуп кирип, (кыймылдаткычы башка, дөңгөлөктөрү, кузовтору жана башка тетиктери) бул жактан кайра даяр унаа болуп куралып, сатыкка чыккан учурлары аныкталган.

Эч кандай чек арадан, бажыдын унаанын өлкөбүзгө киргендиги катталбай туруп, транспорт каражатын каттоо жөнүндө күбөлүктөрү чет өлкөдөн жасалып турган.

"Мындай фактыларга жол бербөө максатында ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгы жана ЖКККББнын Издөө бөлүмү өлкөдөгү чет өлкөлүк номерлүү унааларды тартипке жана иретке келтирүү максатында Мамлекеттик бажы кызматы, Салык кызматы жана "Унаа" мамлекеттик агенттиги менен биргелешкен иш-мерчем түзүп, жакынкы күндөрү рейддик иш-чараларын дагы жүргүзөрүн алдын ала эскертет", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий