• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

ЖКККББ: "Кооптуу жүк" рейдинин алкагында эки саатта 36 миң сом айып салынды

Коом 0

Бишкек, 23.11.23. /Кабар/. 22-ноябрдан тартып 2-декабрга чейин Кыргызстанда Жол көзөмөлдөө бөлүмү тарабынан "Кооптуу жүк" аталышында рейд жүрүүдө. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, анын алкагында эки сааттын ичинде 36 миң сомго айып салынды.

"Рейддик иш-чаранын максаты күйүүчү май, жарылып кетүү коркунучу бар заттарды, газ, радиоактивдүү уулу заттарды ташыган оор жана кооптуу жүк ташыган унааларга карата текшерүү жана көзөмөлдөө иштерин күчөтүү жана жол кырсыктарынын алдын алуу болуп саналат", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий