Бишкек, 25.01.18. /Кабар/. ИИМ ЖКККББнын бөлүмү жолдо жүрүү эрежелерин бузган айдоочулар менен маек жүргүзүп, жөө жүргүнчүлөр менен болгон кырсыктарды эскертүүдө,-деп билдирет ведомствонун басма сөз кызматы.
ЖКККББнын кызматкерлери кооптуу жерлерден окуучуларга, кары-картандарга жолдон өтүүгө жана үйүнө жетүүгө жардам көрсөтүүдө.
КР ИИМ ЖКККББ бөлүмү ата-энелерге балдарына өзгөчө көңүл бурууга жана өзүнүн мисалдары менен кандай жол коопсуз экендигин үйрөтүүгө чакырат.
Жол менен баланы жалгыз калтырба!
Пикир
Оставить комментарий