• 87
  • 90.63
  • 0.79

ЖКККББ жаңы жылдык майрамдарда жол кирени көтөрүүгө тыюу салды

Коом 0

Бишкек, 30.12.24. /Кабар/. Жол кирени уруксатсыз жогорулатууга жол берилбейт. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Мекемеден билдиришкендей, жаңы жылдык майрамдардын алдында жол инспекторлору автобекеттерди кыдырып, Бишкектин четине каттаган кичи автобустардын жана таксилерди айдоочуларына түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү.

Айдоочуларга майрам күндөрү жол кирени уруксатсыз жогорулатууга жол берилбестиги эскертилди. Эгерде мындай мыйзам бузуулар аныкталса, мыйзам чегинде чара көрүлөт.

Маалым болгондой, жаңы жыл күндөрү алыскы аймактарга каттаган жүргүнчүлөрдүн ыңгайлуулугу үчүн Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча мамлекеттик инспекциясынын техникалык көзөмөл бөлүмү тарабынан Бишкек-Каракол каттамына кошумча 10 кичи автобус уюштурулган.

"Алыскы аймактарга барууну пландаган жүргүнчүлөрдүн саны көбөйгөн сайын кошумча унаалар кошулат", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий