• 84.2
  • 93.84
  • 0.91

ЖКККББнын башкы инспектору пара менен кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 26.08.23. /Кабар/. Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын башкы инспектору пара менен кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, УКМК коррупциялык көрүнүштөргө каршы күрөшүү жана бөгөт коюу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин алкагында, пара талап кылуу фактысы боюнча ЖКККББнын каттоо-лицензиялоо бөлүмүнүн ага инспектору, милициянын ага лейтенанты К.А.К. кармалды.

Такталгандай, 2023-жылдын 9-августунда Россиянын жараны А.С.Е. жеке айдоочулук мектебинин инструктору менен практикалык айдоо сабагы учурунда башкы инспектор К.А.К. тарабынан опузалап акча талап кылынган.

Жол эрежесин бузгандыгы үчүн негизсиз айыптоо аркылуу, ошондой эле мүмкүнчүлүктөн ажыратам деп коркутуу жана айдоочулук күбөлүктү алууга тоскоолдук кылуу жолу менен К.А.К. жабырланучуудан 10 миң сом өлчөмүндө акча каражатын алган.

24-августта КР Кылмыш-Жаза кодексини 343-беренесинин 1-пункту боюнча козголгон кылмыш иштин алкагында, мурда пара катары 10 миң сом өлчөмүндөгү алган акча каражатын кайра кайтарып берип жаткан учурунда ага инспектор К.А.К. кармалып, УКМКнын тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Азыркы учурда бул фактыга тиешеси бар адамдарды аныктоого багытталган кылмыш иши боюнча жүргүзүлүп жаткан тергөө-ыкчам иш-чаралары улантылып жатат.

Тергөө иштери жүрүдө.

Пикир

Оставить комментарий