• 87.45
  • 91.15
  • 0.88

ЖККУга мүчө өлкөлөрдүн аскерлеринин Беларустагы машыгуулары аяктады — сүрөт

Коом 0

Бишкек, 07.09.23. /Кабар/. Беларустун аймагында Жамааттык коопсуздук келишим уюмуна мүчө өлкөлөрдүн "Күжүрмөн боордоштук-2023" биргелешкен ыкчам-стратегиялык машыгуусу аяктады. Бул тууралуу Коргоо министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, экинчи этаптын жүрүшүндө "Өз ара аракеттенүү-2023", "Издөө-2023", "Эшелон-2023" жана "Барьер-2023" машыгуулары өткөрүлдү.

Биргелешкен операцияны өткөрүү иш-аракеттеринин аягында жабылуу аземи болуп, анда биргелешкен машыгуу учурунда коюлган милдеттерди ийгиликтүү аткарган мыкты аскер кызматчылары сыйланды.

Пикир

Оставить комментарий